Дмитрий Козактын Кыргызстанга келип кеткени маалым болду

Дмитрий Козактын Кыргызстанга келип кеткени маалым болду

Орусия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак өткөн жумада Кыргызстанга келип кеткени белгилүү болду. Бул маалыматты «Азаттык» бир нече ишенимдүү булагына таянуу менен жазды.

Козактын бул сапары тууралуу Бишкек да, Москва да расмий маалымат тарата элек.

19-апрелде Temirov LIVE каналы Манас эл аралык аэропортуна Орусиянын атайын кызматына таандык болушу мүмкүн деген AN 48 учагы 6-апрелде конуп, 8-апрелге чейин турганы тууралуу маалымат жарыялаган. Анда бул учак Кыргызстанга буга чейин дагы эки жолу келгени белгиленет.

2020-жылы Октябрь окуяларынын тушунда 12-октябрда Кремлдин өкүлү Козак Кыргызстанга ошол учак менен келгенин журналисттер аныкташкан.

5-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москвада Козак менен жолугуп, Украинадагы кырдаалды талкуулаган.

22-апрелде министр Казакбаев кызматтан кетип, ордуна тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Жээнбек Кулубаев дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>