Кыргызстандын реалдуу секторундагы ишканалардын кирешеси 1,7 эсеге өстүЖапонияда XX Азия оюндары башталуудаКыргызстандын ишканаларынын пайдасы 2025-жылы 42,8%га өсүп, 430,5 млрд сомду түздүЧаткалда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болуп, төрт окуучу кармалдыГүлшан Конушева Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалдыСоттолгондор үчүн эмне өзгөрөт? ЖАМК жаңы эрежелерди сунуштоодо
Ошто жер титирөө катталды
28.04.2022 | 10:07
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2022-жылдын 28-апрелинде таңкы саат 4:28де Ош облусунун аймагында жер титирөө катталган. Анын очогунда күчү 4 баллга жетти.
Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында 4 балл, Красный Маяк, Жыланды айылдарында 3,5 балл, Шералы, Кароол, Бакмал, Ничке-Сай айылдарында 3 балл, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещенка, Бек-Абад, Сузак, Жар-Кыштак айылдарында 3 балл, Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом