Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Доха-Бишкек түз аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү
15.08.2024 | 19:00
Доха-Бишкек түз аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Катардагы элчи Марат Нуралиев Qatar Airways компаниясынын Башкы аткаруучу директору Бадр Мухаммед Аль-Меер мырза менен жолугушту.
Анда эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөнүн келечегин жана эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары тараптар туристтик жана инвестициялык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү боюнча пикир алмашты.00
Рубрики: Жаңылыктар, Коом