ДСУ COVID-19 пандемиясы аяктады деп жарыялоодон баш тартты

ДСУ COVID-19 пандемиясы аяктады деп жарыялоодон баш тартты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) COVID-19 пандемиясы аяктады деп жарыялоодон баш тартып, ага байланыштуу эл аралык маанидеги өзгөчө абал макамы каларын билдирди. Тиешелүү чечим ДСУ комитетинин 30-январда өткөн чукул жыйынында кабыл алынды.

Бул жыйын COVID-19 пандемиясынын башталганынын үч жылдыгына арналып өткөрүлдү – уюм коронавирусту 2020-жылы 30-январда глобалдык коркунуч деп жарыялаган.

Жыйындын жүрүшүндө пандемияны аяктады деп жарыялоо керекпи-жокпу деген маселе талкууланды. Комитет мүчөлөрү COVID-19га каршы күрөштөгү көрүнүктүү ийгиликтерди белгилеп, бирок пандемиянын аяктаганы жөнүндө айтуу азырынча эрте деген чечимге келишти. Буга жакында эле Кытайдагы карантиндик чектөөлөрдүн көбү алынгандан кийин коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйгөнү себеп болду.

COVID-19га чалдыккандар тууралуу алгачкы кабарлар 2019-жылы декабрда Кытайда пайда болгон. Көп өтпөй вирус тездик менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жайылган. Акыркы үч жылдын ичинде коронавирус 670 миллион кишиге жугуп, алардын 6,8 миллиону көз жумду. Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө COVID-19га каршы 5 миллиард киши эмдөөдөн өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: COVID-19 ДСУ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>