Бишкектин мэри от казандарды газга өткөрүүнү тездетүүнү тапшырды 

Бишкектин мэри от казандарды газга өткөрүүнү тездетүүнү тапшырды 

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров көмүр от казандарын газга өткөрүүнү тездетүүнү тапшырды, деп билдиришти мэриядан.

Маалыматка караганда, мэр абанын булганышына таасир этүүчү факторлорду чечүү боюнча иш-чаралардын алкагында «Бишкекжылуулукэнерго»коммуналдык ишканасына барды.

Иш сапардын жүрүшүндө мэр мекеменин кампасында болду. Ал жерде кубаттуулугу 300-500 кВт болгон 32 жаңы газ отказандар, 300-500 кВт болгон 32 күйдүргүч тетиктер, 32 насос, 16 химиялык суу тазалагычтар, 16 бирдик кошумча жабдуулар (термометр, монометр, вентиль) сакталат, аны түрк компаниясынан сатып алышкан.

Жакында борбордун батыш тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдү, мектептерди, социалдык мекемелерди, ишканаларды, үйлөрдү тейлеген от казандарга газ менен иштеген жаңы жабдуулар орнотулат.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында шаар мэри көмүр от казандарын газга өткөрүү процессин тездетүүнү тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>