ДСУ коронавирус пандемиясы аяктаганын жарыялады

ДСУ коронавирус пандемиясы аяктаганын жарыялады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс 2020-жылдан бери созулуп келген глобалдык COVID-19 аяктаганын жарыялады.

Ал бул чечимин жума күнү Женевадагы брифингде ДСУнун эксперттеринин тиешелүү сунушуна макул болуп билдирди, деп билдирет Euronews.

Тедрос Адханом Гебрейюс, ДСУнун Башкы директору: «Кечээ өзгөчө кырдаалдар комитетинин 15-жыйыны өттү жана мага эл аралык маанидеги (COVID-19) коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаалды токтотууну жарыялоону сунуштады. Мен бул сунушка макул болдум», — деди.

Өзгөчө кырдаалдар комитети каза болгондордун, ооруканага жаткырылгандардын, анын ичинде реанимация бөлүмдөрүнө жаткырылгандардын санынын төмөндөө тенденциясын жана калктын SARS-CoV-2ге каршы иммунитетинин жогорку деңгээлин белгиледи.

Гебрейюс ошондой эле пандемия учурунда ДСУнун маалыматы боюнча 20 миллион адам коронавирустан каза болгонун айтты. Ал белгилегендей, бул ар кайсы өлкөлөрдүн бийликтери тарабынан расмий эсепке алынган каза болгондордун санынан көп – 6,9 миллион адам.

Бул убакыт аралыгында ооруга чалдыккандардын саны 765,2 млн.

ДСУ 2020-жылдын 11-мартында COVID-19 пандемиясын жарыялаган. Ал 3 жыл 1 ай 24 күнгө созулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>