Душанбеде мушташтан 24 жаштагы жигит каза болду

Душанбеде мушташтан 24 жаштагы жигит каза болду

Душанбе шаарында мушташтан улам 24 жаштагы жигит каза болду. Тажикстан ИИМи “Ден соолукка атайлап зыян келтирүү” шеги менен 19 жана 20 жаштагы жергиликтүү эки тургун кармалганын билдирди.

Тажикстан ИИМи алардын ата-жөнүн атаган жок. Маркум Бахром Якубовдун сөөгү 19-августта жерге берилди.

Мушташ 18-августта болгон. Күбөлөр жаш жигиттердин ортосунда чыр чыгып, алар мушташып кеткенин билдиришүүдө. Бахромду төртөөлөп сабашкан. Ал алган жаракатынан улам ооруканада кайтыш болгон.

Жаңжалдын себеби белгисиз. Бахромдун кошуналарынын бири уруш ортодогу карыздан улам чыккан деген пикирде.

Бахром Якубовдун туугандары окуя боюнча комментарий беришкен жок. Алар киши өлтүрүүгө күнөөлүү адамдардын катуу жаза алышын гана талап кылышарын айтышты.

Бахром үй-бүлөдө жалгыз бала болгон. Ал жогорку окуу жайын аяктап, үйлөнүүгө камданып жүргөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>