Дүйнөдөгү чыр-чатактар мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылат – КР ТИМ башчысы

29.05.2026 | 15:53
Жээнбек Кулубаев Нью-Йорктогу Глобалдык башкаруу боюнча достор тобунун жыйынында

Дүйнөнүн ар кыл аймактарында уланып жаткан куралдуу кагылышуулар жана туруксуздук эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылат, – деп билдирди Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто Кытайдын ТИМ башчысы Ван Инин төрагалыгы алдында өткөн Глобалдык башкаруу боюнча достор тобунун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

КР ТИМ башчысы эл аралык мамилелердин заманбап системасы геосаясий чыңалуунун өсүшү, ишеним кризиси жана чыр-чатактардын санынын көбөйүшү менен коштолгон терең трансформация мезгилин баштан кечирип жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу Кулубаев БУУнун алкагында ишенимди бекемдөө жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча аянтча катары Кытайдын демилгеси менен түзүлгөн Глобалдык башкаруу боюнча достор тобунун маанисин баса белгиледи.

КР ТИМ башчысы эл аралык укуктун, мамлекеттердин эгемендүү теңчилигинин, өз ара урматтоонун жана ички иштерге кийлигишпөөнүн принциптеринин негизинде БУУнун борбордук координациялоочу ролун күчөтүүнү жактап сүйлөдү.

Кулубаев ошондой эле жамааттык чечимдерди кабыл алуу механизмдерин бекемдөө зарылдыгын белгилеп, Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү аркылуу БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону колдоду.

Ал жыйындын катышуучуларына Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөткөндүгү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, республика Коопсуздук кеңешиндеги ишти көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чыр-чатактардын алдын алууга жана заманбап чакырыктар менен, анын ичинде терроризм, трансулуттук кылмыштуулук, киберкоркунучтар, климаттын өзгөрүшү жана эпидемиялар менен күрөшүүгө салым кошуу мүмкүнчүлүгү катары карайт.

Министр ошондой эле чакан, өнүгүп келе жаткан, тоолуу жана деңизге чыга албаган мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгына көңүл бурду.

Буга байланыштуу ал Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган жана 2023–2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын эске салды.

Мындан тышкары, Кулубаев көчмөндөр цивилизациясынын маданий-гуманитардык мурасын жана маданияттар аралык диалогдун эл аралык аянтчасы катары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын илгерилетүү боюнча Кыргызстандын аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди.

Сөзүнүн аягында ТИМ башчысы Кыргызстандын 2025–2026-жылдары ШКУга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырды, алардын катарында өз ара ишенимди бекемдөө, коопсуздукту камсыз кылуу, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү бар.

Ошондой эле ал Кыргызстандын төрагалыгынын борбордук иш-чарасы 2026-жылдын 1-сентябрында Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммити болорун маалымдады.

Scroll to Top