Кыргызстанда венчурдук каржылоо боюнча мыйзам иштелип чыгууда

29.05.2026 | 15:48
Инвестициялар боюнча улуттук агенттигиндеги жыйын

Бүгүн, 29-майда, Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзам долбоору жана ага байланыштуу айрым актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралды. Талкууга бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, инвесторлор жана эксперттер катышты. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров венчурдук каржылоо механизмдерин киргизүү стартаптарды колдоого, технологиялык ишкердикти өнүктүрүүгө жана инновациялык долбоорлорго капитал тартууга шарт түзөрүн белгилеген.

Катышуучулар мыйзамдын кабыл алынышы инвестициялык чөйрөнүн ачыктыгын камсыздап, мамлекеттик колдоо чаралары аркылуу венчурдук рыноктун калыптанышына оң таасир тийгизерин билдиришкен. Жыйындын соңунда мыйзам долбоорун өркүндөтүү боюнча сунуштар берилген.

Scroll to Top