Дүйнө чемпионаты: Акматалиев коло үчүн беттеште жеңилүү ызасын тартты (видео)

Дүйнө чемпионаты: Акматалиев коло үчүн беттеште жеңилүү ызасын тартты (видео)

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло байге үчүн беттеште атаандашына жеңилип калды.

Акматалиев Сербияда 16-сентябрда башталган дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө килем үстүнө чыккан. Алгачкы беттешин ийгиликтүү баштап, 1/8 финалда швейцариялык Марк Дитшени 12:6 эсебинде жеңген.

Бирок чейрек финалда Акматалиев ирандык Амирмохаммад Бабак Язданичератиден жеңилүү ызасын тарткан. Ошол эле учурда ирандык балбан финалга чыккандыктан, Акматалиев коло байге үчүн ат салышууга мүмкүндүк берген көңүл жубатуучу беттеште күрөшө турган болгон.

Бүгүн, 17-сентябрда Акматалиев көңүл жубатуучу беттеште польшалык Патрик Оленчин менен күрөшүп, аны 7:3 эсебинде жеңген. Муну менен ал коло үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алган.

Үчүнчү орун үчүн Эрназар Акматалиев болгариялык Рамазан Рамазанов менен күч сынашып, тилекке каршы ага 6:8 эсебинде утулду.

Сербиядагы дүйнө чемпионаты 16-сентябрда башталган, ал 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Учурда бул дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын куржунунда 1 коло байге бар. Аны эркин күрөштөн 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу утту.

Видео: Тайырбек Жумашбек уулу дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>