Видео: Тайырбек Жумашбек уулу дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту

Видео: Тайырбек Жумашбек уулу дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) Сербиядагы дүйнө чемпионатында коло байге утту.

Тайырбек Жумашбек уулу таймашка 16-сентябрда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде азербайжандык Интигам Вализаданы далысын килемге басып, таза жеңишке жеткен.

Андан кийин чейрек финалда түркиялык спортчу Эмрах Орманоглуну 4:2 эсебинде жеңген. Бирок жарым финалда америкалык балбан Виталий Аружауга 12:2 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болгон.

Бүгүн, 17-сентябрда мелдештин финалдык беттештери болуп өттү. Үчүнчү орун үчүн Тайырбек Жумашбек уулу япониялык балбан Кодаи Огава менен таймашка чыгып, аны 2:1 эсебинде утту.

Тайырбек Жумашбек уулунун коло байгеси — Кыргызстандын дүйнө чемпионатындагы биринчи медалы.

Сербиядагы дүйнө чемпионаты 16-сентябрда башталган, ал 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>