Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Акжол Махмудов күрөшөт

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Акжол Махмудов күрөшөт

Бүгүн, 10-сентябрда Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты башталат.

Мелдеш 10-18-сентябрь күндөрү болуп өтөт. Кыргызстандан бул мелдешке грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча балбандар катышат.

Бүгүн таймаш грек-рим балбандары арасында башталат. Кыргызстандык грек-рим балбандарынан мелдештин биринчи күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) менен Атабек Азисбеков (87 кг) күчүн сынайт.

Беттештерди Дүйнөлүк күрөш уюмунун www.uww.org сайтынан түз эфирде көрүүгө болот. Мелдештин биринчи кармаштары Бишкек сааты боюнча саат 14:30да, жарым финал саат 20:45 башталат. Ал эми финал балбандардын биринчи беттеш күнүнөн кийин эртеси (11-сентябрда ж.б.у.с.) саат 22:00дө болуп өтөт.

Кыргызстандык грек-рим балбандарынын биринчи кармаштагы атаандаштары жана килем үстүнө чыга турган күнү:

10-сентябрь, 77 кг, 1/16 финал

Акжол Махмудов — Жоилсон де Брито (Бразилия)

10-сентябрь, 87 кг, квалификациялык раунд

Атабек Азисбеков — Рониссон Брандао Сантьяго (Бразилия)

11-сентябрь, 63 кг, квалификациялык раунд

Тынар Шаршенбеков — Кристобаль Алонсо Торрез Нунез (Чили)

11-сентябрь, 67 кг, квалификациялык раунд

Амантур Исмаилов – Кристиан Истван Ванца (Венгрия)

11-сентябрь, 97 кг, квалификациялык раунд

Бексултан Махмудов — Тадеуж Михалик (Польша)

12-сентябрь, 60 кг, 1/8 финал

Жоламан Шаршенбеков  — Марат Гарипов (Бразилия) менен Кристиан Кечкеметинин (Венгрия) беттешинин жеңүүчүсү

Белгилей кетсек, кыз-келиндер арасындагы беттештер 12-сентябрь, ал эми эркин күрөш боюнча таймаштар 15-сентябрдан тарта башталгандыктан кыргызстандык спортчулар биринчи беттешинде кимдер менен күрөшөрү азырынча белгилүү боло элек.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>