Бишкек милициясы: Мамлекеттик имараттардан бомба табылган жокБишкекте Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон 316 жоокердин ысымы кайтарылдыКыргызстанда 18 рестпоинттин 11и иштеп жататБишкекте бомба коюлганы тууралуу маалыматтар текшерилүүдө — ТИМ жана Экономика министрлигинин кызматкерлери эвакуацияландыСоң-Көлдөн 5 чакырымдан ашык балык уулоочу тор чыгарылдыКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту кайрадан жабык түрдө өтөт
Дүйнө чемпионаты (U-23): Бүгүн Сазанова менен Билимбекова таймашка чыгат
24.10.2024 | 10:00
Албанияда 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда.
Мелдеш 21-октябрда башталган, 27-октябрда жыйынтыкталат.
Бүгүн, 24-октябрда дүйнө чемпионатынын төртүнчү күнүндө аялдар күрөшү боюнча 53, 57, 62, 65, 72 кг салмактарда беттештер өтөт. Кыргызстандык спортчу кыздардан бүгүн Калмира Билимбекова (62 кг) жана Дилназ Сазанова (65 кг) таймашка чыгат.
Ошондой эле кечээ, 23-октябрда беттешке чыгып, жеңилүү ызасын тартып калган Арууке Кадырбек кызы (55 кг) менен Сезим Жуманазарова (59 кг) коло үчүн ат салышууга мүмкүндүк алды. Аларды уткан атаандаштары финалга өткөндүктөн, Кадырбек кызы жана Жуманазарова көңүл жубатуучу беттешке чыгып, анда жеңишке жетсе, үчүнчү орун үчүн күрөшөт.