Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Дүйнө чемпионаты (U-23): Жумашбек уулу чейрек финалга чыкты (видео)
23.10.2023 | 18:12
Эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу Албаниянын Тирана шаарында 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты.
Дүйнө чемпионаты бүгүн, 23-октябрда эркин күрөш боюнча спортчулар арасындагы таймаштар менен башталды.
Мелдештин биринчи күнүндө 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу жана 92 кг салмакта Каныбек Абдулхаиров килем үстүнө чыкты.
Тайырбек Жумашбек уулу таймашты 1/8 финалдан баштап, алгачкы атаандашы украиналык Андрей Джелеп болмок. Бирок ал беттешке чыкпагандыктан, жеңиш Тайырбек Жумашбек уулуна ыйгарылып, ал чейрек финалга чыкты.
Ал эми Каныбек Абдулхаиров 1/8 финалдагы биринчи беттешинде бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Ярослав Ядковскийге 4:2 эсебинде жеңилип калды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз