Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Дүйнө чемпиондугу: Арсалан Будужапов чейрек финалда жеңилип калды
15.09.2022 | 18:56
Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Арсалан Будужапов чейрек финалда жеңилип калды.
Ал эркин күрөш боюнча турнирге 79 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.
Турнирдеги биринчи беттеште 1/16 финалда Будажапов французду жеңип, андан кийин Тажикстандын спортчусунан күчтүүрөөк болгон.
Жарым финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык спортчу дүйнөнүн учурдагы чемпиону жана 2012-жылкы Олимпиада чемпиону АКШдан кез келип, ага жеңилип калган.
Эгер Жордан Берроуз финалга чыкса, Будажапов коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Буга чейин Эрназар Акматалиев 70 килограммга чейинки салмак ченинде жарым финалга чыккан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт