Дүйнөдөгү абасы булганган шаарлар арасында Бишкек канчанчы орунда?

Дүйнөдөгү абасы булганган шаарлар арасында Бишкек канчанчы орунда?

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде 2022-жылдын 3-декабрында Бишкек алдыңкы 10 шаардын катарына кирди.

Рейтингде биринчи орунда 281 индекс (AQI) менен Пакистандын Лахор шаары, андан кийин Индиянын Дели шаары, 3-орунда Индиянын Колката шаары, 4-орунда Босниянын Сараево шаары, 5-орунда Манголиянын Улан-Батор шаары, 6-орунда Ирактын Багдад шаары, 7-орунда Индиянын Мумбаи шаары, 8-орунда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаары болсо, 9-орунда Бишкек шаары, ал эми 10-орунда Пакистандын Карачи шаары турат.

Азыр Бишкек шаарында индекс (AQI) 154 деп турат. Бул — баш калаада аба булганган жана ден соолукка кооптуу дегенди түшүндүрөт. Ар кайсы райондордо индекс ар кандай. Эгер индекс 150дөн жогору болсо, ден соолукка кооптуу деп эсептелет.

Былтыр кышында, январь-февраль айларында Бишкекте жана анын четинде индекс 264төн ашып, абасы булганган шаарлардын алдыңкы сабына чыккан.

Шаарда акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>