Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 млн доллар берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 млн доллар берет

Жакынкы беш жылда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 млн доллар берүүгө ниеттенүүдө.  Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Аксель ван Тротсенбург биринчи Бишкек экономикалык форумунда билдирди.

Анын айтымында, каржылык колдоо Дүйнөлүк банк тобу менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын алкагында көрсөтүлмөкчү.

“Кыргызстан коронавирус алып келген каатчылыкты баштан өткөрдү, учурда Украинадагы кырдаалдын экономикалык кесепеттеринен жапа чегип жатат. Бул учурда өлкөдөгү инфляциянын жогорку деңгээли менен көрсөтүлөт. Ошондуктан биз бүгүн биринчи Бишкек экономикалык форумуна Кыргызстанды калыбына келтирүү стратегиясын чогуу иштеп чыгуу үчүн келдик”, — деди Аксел ван Тротсенбург.

Буга байланыштуу Дүйнөлүк банктын башкаруучу жетекчиси өкмөт, жарандык коом, эксперттер сыяктуу бардык кызыкдар тараптын сунуштарын угуу маанилүү экендигин белгиледи.

Аксел ван Тротсенбург акыркы 30 жылдан бери Кыргызстан Дүйнөлүк банктын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгендигин эске салды.

Бул аралыкта өлкөгө аталган банктан 2,7 млрд доллар өлчөмдөгү каржылык жардам көрсөтүлгөн.

Кошумчалай кетсек, 5-октябрда Бишкекте Министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банк тобу биринчи Бишкек экономикалык форумун өткөрүүдө.

Форум Кыргызстандын экономикасынын  туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Мындан тышкары, ал кескин өзгөрүүлөрдү жараткан реформалар боюнча сүйлөшүүлөргө арналган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>