Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун экинчи этабынын курулушу башталдыКыргызстанда жакырчылыкты азайтуу боюнча жаңы программа иштелип чыгатБишкекте Грузия жана Кыргызстан аркылуу ташууларды өнүктүрүү маселеси талкууланды — толук маалыматКыргызстанда кайрымдуулук үчүн берилген акчаны жеке эсепке чогултууга тыюу салуу сунушталуудаӨКМ: 13-17-июнда тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу барКыргызстанда «Изофенфос-метил» заты бар пестициддерди колдонууга тыюу салынды
Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
22.05.2024 | 18:00
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Мелдеш Бириккен Араб Эмиараттарынын борбору Абу-Дабиде өтүүдө.
90 кг салмакта күч сынашкан Эрлан Шеров таймашты 1/16 финалдан баштады. Ал алгачкы эки беттешинде сербиялык жана бельгиялык спортчуларды утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда атаандашы килемге чыкпагандыктан, жеңиш Шеровго ыйгарылды.
Эми финалга чыгуу үчүн ал япониялык Гоки Тадзима менен күч сынашат.