Филиппиндин түштүгүндө катуу жер титирөө болуп, каза тапкандар 15ке жетти

Бүгүн, 8-июнда, таңга маал Филиппиндин Минданао аралынын жээгинде күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Филиппиндин бийлик органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, кырсыктан 15 адам каза болуп, 129 жаран жаракат алды. Жаракат алгандардын көбү кулаган курулуш калдыктарынан жабыркаган.
Reuters маалымат агенттигинин маалыматында, жер титирөөгө байланыштуу Филиппиндин түштүгүндө, Индонезиянын түндүгүндө жана Малайзиянын Сабах штатында цунами коркунучу тууралуу жарыяланды. Султан-Кударат жана Сарангани провинцияларында бийиктиги бир метрге жеткен толкундар катталгандыгы маалымдалды. Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос-кенжеси жээкте жашаган жарандарды бийик жерлерге көчүүгө чакырды.
Кырсыктын очогу Сарангани провинциясынан 20 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер астындагы силкинүүлөр Индонезиянын Манадо шаарында да сезилген. Учурда тиешелүү кызматтар келтирилген зыянды баалоо иштерин жүргүзүүдө.