«Флешмобду ким колдойт?». Ксения Собчак Бишкек мэринин демилгесин жактырды

«Флешмобду ким колдойт?». Ксения Собчак Бишкек мэринин демилгесин жактырды

Орусиялык журналист Ксения Собчак Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин аткаминерлерди коомдук транспортко олтургузуу деммилгесин жактырды. Бул боюнча ал өзүнүн телеграм каналында билдирди.

Ал кыргыз аткаминерлери коомдук транспорттон селфи жасап, калаа башчысына фотоотчет жөнөтөрүн белгилейт.

«Сонун го. Биздин мэрлердин кимиси бул флешмобду колдойт?», — дейт Ксения Собчак.

Белгилей кетсек, Айбек Жунушалиевдин буйругу менен шаардагы аткаминерлер шейшемби жана бейшемби күндөрү жумушка коомдук транспорт менен келиши керек. Алардын троллейбус, автобустан фотоотчету райондук акимиаттардын социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланууда.

Айбек Жунушалиев өзү бул күндөрү кантип жумушка жетип жаткандыгы боюнча азырынча сүрөт чыгарыла элек.

Мэр коомдук транспортту колдонбогон 25 муниципалдык аткаминерге эскертүү берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Бүгүн өзүнүн унаасы менен ишке келген шаардын аткаминерлери жазаланат

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>