Дзюдочу Эрлан Шеров Венгриядагы мелдеште 5-орунду ээледи

Дзюдочу Эрлан Шеров Венгриядагы мелдеште 5-орунду ээледи

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Венгрияда өткөн эл аралык мелдеште 5-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, финалдык таймаш 4-6-август күндөрү Будапешт шаарында өттү. Аталган мелдеште ар бир салмак категориясында эл аралык дзюдо федерациясынын дүйнөлүк рейтингине ылайык алдыңкы 35 спортчу чыкты. Кыргызстандан тарыхта биринчи жолу аталган турнирге 3 дзюдочу катышты.

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, алгач венгриялык спортчуну, андан соң, кубалык спортчуну жеңип, бирок чейрек финалда италиялык спортчуга утулуп утулуп калды.

Кийинки жубатуучу раунддун биринчи беттешинде Шеров Өзбекстандык спортчуну жеңип, коло медаль үчүн болгон кармашта Өзбекстандын башка  дзюдочусуна жеңилди.

Мелдештин соңунда Эрлан Шеров дүйнөлүк рейтингде 15-орунга ээ болду.

Жыйынтыктоочу протоколдо Шеров 5-орунду ээледи. Аталган мелдеште жалпы 30 спортчу күч сынашты.

Ал эми дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу менен (66 кг чейин) Асад Асабиров (72 кг чейин) алгачкы беттештерде жеңилип, медалдар үчүн күрөштөн четтетилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>