ЕАЭБ: Жапаров эрежелерди бузган өлкөлөрдү жоопко тартууну сунуштады

ЕАЭБ: Жапаров эрежелерди бузган өлкөлөрдү жоопко тартууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ алкагында товарлардын, эмгек ресурстарынын жана капиталдын эркин жүрүү боюнча эрежелерин бузган өлкөлөрдү жоопко тартуу чараларын иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт бшчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, биримдик алкагында товар, кызмат көрсөтүү, капитал жана эмгек ресурстарын эркин жүрүү эрежелери так, түшүнүктүү жана ишке ашырыла тургандай болушу шарт. Ага байланыштуу учурда ал эрежелерди бузган өлкөлөрдү жоопко тартуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү зарылчылыгы жаралды.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтуп жатат. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралууда.

Ага катышуу үчүн 25-августта Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан жана Россиянын премьер-министрлери келишкен.  Бүгүн Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов дагы кошулду.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>