Жапаров: 7 айда өлкө ИДПсы 425 млрд сомду түздү

Жапаров: 7 айда өлкө ИДПсы 425 млрд сомду түздү

Быйылкы жылдын 7 айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 425 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Атадагы ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө ИДПсы былтыркы 7 айга караганда караганда 7,7%га өскөн.

«Биздин республиканын сырткы соода жүргүзүүсү январь-июнь айларында 5 млрд долларды түздү. Былтыркы жылга караганда ал 25,4%га өстү. Интеграциялык биримдикке мүчо мамлекеттер менен өз ара соода жүргүзүү 6 айда 34%га өстү. Ошол эле учурда экспорт 69%, ал эми импорт 23%га артты», — деди ал.

Эскерте кетсек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кечээ, 25-августта башталган. Анда жолугушуу тар курамда өткөн. Кеңешмеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустуку Роман Головченко, Казакстандыкы Алихан Смаилов, Россияныкы Михаил Мишустин, катышууда. ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Армения, Россия жана Беларусь мүчөлүк кылат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЕАЭБ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>