Чек ара кызматында жаңы жетекчилер дайындалдыКРда энергетикалык суусундуктардын импортун 6 айга чектөө сунушталдыБишкекте 98 грамм баңгизат менен 22 жаштагы жаран кармалдыАлия Шагиева ит уруштургандардын кармалышы боюнча үн каттыАрмениядан Кыргызстанга баңгизат жүгүртүүгө айыпталган адам экстрадицияландыСадыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Москвага барат
Орусия: Кыргыз биометрикалык паспортторду кошумча текшерүүдө. ТИМ үн катты
09.08.2022 | 23:40
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Шереметьево аэропортунда Кыргызстандын жаңы биометрикалык паспортторун кошумча текшерүү боюнча маалыматты изилдеп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын жаңы биометрикалык паспорту 2021-жылдан тарта киргизилген.
Мекеменин маалыматына караганда, ал чет мамлекеттерде белгиленген тартипте мыйзамдаштырылып, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына туура келет.
Басма сөз кызматы да бул маселе Тышкы иштер министрлиги менен элчиликтин көзөмөлүндө экенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар