ЕБ COVID-19га каршы күрөшүү үчүн Кытайга вакцина сунуштады

ЕБ COVID-19га каршы күрөшүү үчүн Кытайга вакцина сунуштады

Европа биримдиги Кытайдагы пандемияга байланыштуу жалпы улуттук катаал чектөөлөр алынып салынгандан кийин кайрадан жапырт тараган оору менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Бээжинге COVID-19дун вакцинасын бекер берүүнү сунуштады. Бул тууралуу британиялык Financial Times гезити жазды.

Демилге бүгүн, 3-январда өтө турган Евробиримдиктин саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусунан бир нече күн мурун сунушталган.

Өндүрүүчүлөр менен узак мөөнөттүү түзүлгөн келишимдерге байланыштуу бүгүнкү күндө ЕБ өлкөлөрүндө ашыкча запастагы вакциналары бар. Бээжин азырынча бул сунушка жооп кайтара элек.

Кытай эмдөө өнөктүгү учурунда өзүнүн Sinovac жана Sinopharm вакциналарын колдонгон жана чет өлкөлүк өндүрүштөн чыккан препараттарды пайдаланган эмес. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 2022-жылы 21-декабрда Кытайда эмдөө жараяны канааттандырарлык эмес экенин билдирген. Оору жеңил түрдө өтүшү үчүн жергиликтүү вакцинанын үч дозасын алуу керек. ДСУнун маалыматына караганда, Кытайда жашы 80ден жогорку кишилердин 40% гана үч доза алган. Ошол эле маалда Евробиримдик аймагында чоң кишилердин 83% толук эмдөөдөн өткөн.

Кытайда коронавируска кабылгандар көбөйүп жатканына байланыштуу бир катар өлкөлөрдө ал жактан келгендерди текшерүү күчөтүлдү.

Биринчилерден болуп Кытайдан каттагандарга чектөөнү Жапония киргизди. 30-декабрдан тарта жүргүнчүлөр анализ тапшырып, оору табылса, жети күндүк карантинге алынмакчы. Андан тышкары Кытай же Чыгыш майрамынын алдында санитардык чараларды күчөтүү каралууда.

Тест тапшырууга Индия, Тайвань, АКШ, Италия, Испанияга келгендер да милдеттендирилет.

Ноябрда Кытай COVID-19ду түп тамыры менен жоюу саясатынан баш тартканын жарыялаган. Анын артынан вирусту жугузуп алгандар кескин көбөйүп кеткен. 25-декабрдан бери бийлик расмий статистиканы ачыкка чыгарууну токтотту. Бейрасмий маалыматтарда декабрда күнүнө миллиондогон кишиден вирус табылганы айтылат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>