Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 9 адам жабыркады

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 9 адам жабыркады

Бишкекте 1-январда жол кырсыгы болуп, 9 киши жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 1-январда түнкү саат 23:00 чамасында болгон. 28 жаштагы О.Н. аттуу айдоочу Subaru Forester унаасы менен Манас простпектисинде бара жатып Москва көчөсүнө солго бурулуп жатып Honda Fit унаасы менен сүзүшкөн. Honda Fit унаасын 19 жаштагы А.Б. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан.

Натыйжада тогуз адам жабыркаган: Subaru Forester унаасынын жүргүнчүлөрү – 22 жаштагы С.К. (аял), 11 жаштагы А.Д. (өспүрүм), 22 жаштагы А.С, Honda Fit унаасынын айдоочусу О.Н. жана жүргүнчүлөрү – 22 жаштагы А.А.к., 22 жаштагы М.Э.у., 1 жашар наристе М.А. жана М.А., 3 жашар М.С.

Милициянын кайгуул кызматы жол эрежелерин сактоону жана аны сактоодон өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин эскертет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>