Эдил Байсалов Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды

25.05.2026 | 10:20
АКШ президенти Дональд Трамп менен Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсаловдун жолугушуусу

21-майда Ак үйдө Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов президент Дональд Трамп менен жолугуп, ага ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 25-майда, маалымдады.

Тапшыруу аземинде Эдил Байсалов АКШ президентине Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, Кыргызстан кыргыз-америка кызматташтыгын бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирген. Ошондой эле элчи АКШнын Борбор Азия аймагы менен мамилелерди өнүктүрүүгө көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылыгын айткан.

Дональд Трамп Байсаловду элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын билдирген. Ал эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жылуу мамилелерди АКШ жогору баалай турганын белгилеп, элчинин келиши байланыштарды чыңдоого жана саясий-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирген.

Эске салсак, КРдин Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Эдил Байсалов үстүбүздөгү жылдын апрелинде АКШга элчи болуп дайындалган.

Scroll to Top