Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
ЕЭК: Арзыбек Кожошев чуркоо боюнча жарышта күмүш утту – видео
06.10.2022 | 20:54
Евразиялык экономикалык комиссиянын II Спартакиадасында энергетика жана инфраструктура боюнча министр Арзыбек Кожошев (Кыргызстан) 100 метрге чуркоо боюнча жарышта 2-орун алды.
Кожошев 45 жаштан улуулар арасында күмүш байге тагынган. Мелдешке активдүү катышкандыгы үчүн ага ардак грамота тапшырылган.
Ошондой эле Спартакиаданын жыйынтыгы менен медалдардын саны боюнча энергетика жана инфраструктура боюнча тармактын командасы жеңүүчү болгондуктан, Арзыбек Кожошевге Спартакиаданын өтмө кубогу берилген.
Спартакиада 30-сентябрда өтүп, ЕЭКтин 700дөн ашык кызматкери жана кызмат адамдары катышкан. Алар спорттун 27 түрү боюнча жарышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом