Бишкек: Жол тыгын маселесин япониялык компания колго алат

Бишкек: Жол тыгын маселесин япониялык компания колго алат

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ARTEMIS жол кыймылын башкаруу интеллектуалдык тутуму боюнча япониялык Marubeni Corporation, Marubeni Protechs Corporation жана Kyosan Electric MFG Co., Ltd компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаардагы унаа тыгыны маселесин чечүү жолдору талкууланып, долбоорду ишке ашыруунун этаптары жана шарттары каралган.

Японилык компаниянын өкүлдөрү борбор калаадагы жол кыймылы көп болгон 9 көчө кесилиштеринде изилдөө жүргүзөрүн билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>