«Шер» атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн 12 жылдыгы белгиленди

«Шер» атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн 12 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 5-октябрда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 714-аскер бөлүгүнүн («Шер» атайын багыттагы аскер бөлүгү) аймагында бөлүктүн түзүлгөндүгүнүн 12 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарага Ички аскерлеринин колбашчысы, полковник Дамир Алыбаев, бөлүктүн ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын башында курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элеси бир мүнөттүк тыныгуу менен эскерилди. Өз сөзүндө колбашчы «Шер» атайын багыттагы отрядынын жоокерлери ар кандай тапшырманы аткарууга ар убак даяр экенин билдирди.

«Заманбап этапта 714-аскер бөлүгү спецназдын мурдатан бери калыптанып келген жолдоштук салттарына ишенимдүү бойдон калууда. Бөлүктүн өздүк курамы  чечкиндүүлүк жана бирдиктүү аракеттер, жогорку кесипкөйлүк жана жеке эрдик талап кылынган жерлерге  ар дайым даяр турушат», — деп белгиледи колбашчы.

Дамир Алыбаев бөлүктүн аскер кызматчыларына өлкөдөгү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча жүктөлгөн бардык күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды сапаттуу жана кесипкөй аткаргандары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Шер» атайын багыттагы отряддарынын аскер кызматкерлери түзүлгөн күндөн тартып өздөрүн мыкты жагынан гана көрсөтүп, өзгөчө 2005-жылдан 2020-жылга чейин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал курчуп турган мезгилде жана 2021-жылдын  апрель айында жана ушул жылдын сентябрь айында болгон Баткен облусунун чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышуу учурунда жогорку күжүрмөн даярдыгын көрсөтүштү.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө бөлүктүн бир катар аскер кызматчылары Ички аскерлердин колбашчысынын жана башка өз ара кызматташкан органдардын буйруктары менен медалдар, баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты. Салтанаттуу иш-чаранын соңунда келген конокторго майрамдык концерт тартууланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Шер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>