Екатеринбургда ок атышуу менен коштолгон мушташта Кыргызстандын жараны жабыркады

Екатеринбургда ок атышуу менен коштолгон мушташта Кыргызстандын жараны жабыркады

Екатеринбург шаарында ок атышуу менен коштолгон мушташта Кыргызстандын жараны жабыркады. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-апрелде Екатеринбург шаарынын Автомагистральная көчөсүндө эки адамдын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташ жана ок атышуу менен аяктаган.

“Жабырлануучу 1994-жылы туулган Кыргызстандын К.у.А аттуу жараны экени аныкталып, Екатеринбург шаарындагы №23 ооруканага тез арада жеткирилген. Кол салган адам кылмыш болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда полиция кызматкерлери ок аткан адамды табуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Башкы консулдуктун кызматкерлери ошол эле күнү жабырлануучуга барышып, жакындары менен байланыш түзүштү, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жарандын абалы туруктуу жана жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылышы күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>