Өкмөт мүчөлөрү ден соолук күнүнө арналган жарышка катышты

Өкмөт мүчөлөрү ден соолук күнүнө арналган жарышка катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган “Менин ден соолугум-менин укугум” аталышындагы иш-чарага катышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, өкмөт башчысы өз сөзүндө бүгүнкү бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү, ар бир адамга өз саламаттыгы туурасында ой калчап, кам көрүүнү эсине салаарын белгиледи.

“Биз жарандарыбызды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылууга, сергек жашоо образын карманып жашоого элди үндөөгө, экологиялык чөйрөнү жакшыртууга жана коргоого милдеттүүбүз. Жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран жооптуу экендигин пандемиядан көрдүк. Ал эми ар бир жарандын саламаттыгы – физикалык активдүү иштерман коомубуздун күчү, ресурсу жана эртеңи”, — деди ал

Ошондой эле Акылбек Жапаров, акыркы убакта жугуштуу эмес оорулар жашарып бара жатканын айтып, дартты алдын алуу үчүн дени сак жашоо образын жайылтуу зарылчылыгын белгиледи.

“Кыргызстан – төрт мезгилде тең спорт менен машыгууга ылайыктуу өлкө. Бүт өлкө боюнча миңдеген спорттук залдар, аянтчалар, стадиондор, воркаут тилкелери, бассейндер иштеп жатат. Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен тээ алыскы айылдагы жаңы мектептерде Бишкектегидей бүт спорттук шарттары менен мектептер салынып жатат” — деди Акылбек Жапаров.

Соңунда Минкаб башчысы өлкөнүн спорт тармагындагы жетишкендиктерин белгилеп, ар бир жаранды күнүмдүк жашоосуна спортту кошууга чакырды.

Белгилей кетсек, Саламататтык сактоо министрлиги уюштурган Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган “Менин ден соолугум-менин укугум” аталышындагы иш-чаранын алкагында каалоочулар медициналык текшерүүлөрдөн өтүшүп, адистердин кеңештерин алышты. Иш-чара массалык чуркоо менен коштолду.

7-апрелден 13-апрелге чейин өтө турган Ден соолук жумалыгынын алкагында өлкөнүн ар бир областында сергек жашоо мүнөзү, оорулардын алдын алуу, ошондой эле спорттук маданиятты өнүктүрүү тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган иш-чаралар өтмөкчү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>