Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Эки миңден ашык окуучу артыкчылык аттестатына тапшырышат
31.05.2022 | 17:43
2232 бүтүрүүчү атайын үлгүдөгү аттестатка (артыкчылык) тапшырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек шаарында жана облустук билим берүү борборлорунда «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация өттү. Бүтүрүүчүлөр математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактарынан тест тапшырышты.
«Алтын тамга сынагы — мектептин 11-классын «5» деген баага бүтүргөн жана жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулардын билим деңгээлин көз карандысыз баалоо», – деп белгилешти министрлик.