«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Коргоо министрлигинин Жеңиш чокусуна бараткан Ми-8 тик учагы кырсыктады
16.08.2025 | 13:44

Бүгүн Коргоо министрлигине таандык Ми-8 тик учагы Жеңиш чокусуна жакын жерден кырсыктады.
Маалыматка караганда, тик учак чокуга чыккан учурда каза болгон (алдын ала бир италиялык турист) жана жаракат алган альпинисттерди эвакуациялоого жөнөгөн.
«Катаал аба ырайынан улам тик учак тоого конууга аргасыз болду. Экипаж мүчөлөрү жана куткаруучулар аман, бирок бир нече адам жаракат алган. Жабыркагандарды эвакуациялоо үчүн башка адистер жөнөтүлдү», – деп айтылат министрликтин маалыматында.
Рубрики: Жаңылыктар