Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Эки жылда Ооганстандан Кыргызстанга 400 үй-бүлө көчүрүлөт
25.07.2022 | 14:53
Жакынкы эки жылда Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринде жашаган этникалык кыргыздардын 400 үй-бүлөсү Кыргызстанга көчүрүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 2022-2024-жылдар аралыгында 1500 адамды көчүрүү пландалууда. Аларга Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынан 70 гектар жер бөлүнгөн.
«Ал жерде мигранттар үчүн жаңы үйлөр курулат. 2022-жылга 30 үйдүн курулушуна 77 млн 220 миң сом бөлүнгөн», – деди министр.
Бул максаттарга жалпысынан 244 миллион 530 миң сом керектелет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом