Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды
ЕККУ ЖККУ менен өз ара аракеттенүүнү калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө — Таалатбек Масадыков
16.08.2026 | 11:45

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Феридун Синирлиоглу Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) менен өз ара аракеттенүүнү кайра баштоого ниеттенүүдө. Бул байланыш мурда ЖККУнун демилгеси эмес себептер менен үзүлгөн эле. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков ЖМКларга билдирди.
Анын маалыматы боюнча, Синирлиоглу менен Масадыковдун жолугушуусу 18-майда Вена шаарында өткөн.
«Бир нече жыл мурун биздин уюмдардын ортосундагы мамилелер үзүлүп калган жана бул ЖККУнун демилгеси менен болгон эмес», — деп эске салды Масадыков.
Ошол эле учурда, анын баамында, өткөн сүйлөшүүнүн жыйынтыгы абдан оң болду.
«Менин кесиптешим өз ара аракеттенүүнү кайра баштоого ниеттенип жатканы байкалып турат. Мындай сценарий баары үчүн пайдалуу болору талашсыз, анткени бул Евразиядагы коопсуздукту чыңдоо боюнча негизги милдеттерди аткарууда эки уюмдун тең потенциалын кыйла натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк бермек», — деп эсептейт ЖККУнун башкы катчысы.
ЖККУга Кыргызстан, Орусия, Беларусь, Армения, Казакстан жана Тажикстан кирет. Армения 2024-жылы уюмга катышуусун токтоткон.
Теги: ЖККУ, сотрудничество