Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
Мыктыбек Оролбай уулу карьерасында биринчи жолу UFC 330 турниринде мөөнөтүнөн мурда жеңилди
16.08.2026 | 11:15

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу 16-августта Филадельфияда өткөн UFC 330 турниринде жеңилүүгө учурады.
Беттеш кыргызстандыктын пайдасына чечилип жаткан жана Оролбай уулу ишенимдүү аракет кылып жаткан, бирок үчүнчү раундда бир буттан кармап өтүүгө (проход) жасаган ийгиликсиз аракетинен кийин муунтуу ыкмасына түшүп калды.
Кыргызстандык мушкер муунтуудан чыгууга аракет кылып, багынгандыгы тууралуу белги берген эмес, бирок эсин жоготуп койду. Ошондон кийин рефери беттешти токтотту.
Ошентип, Оролбай уулу үчүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен жеңилди.
Бул жеңилүү кыргызстандык мушкердин профессионалдык карьерасындагы биринчи мөөнөтүнөн мурда (досрочно) жеңилүүсү болуп калды.
Теги: Кыргызстан, Мыктыбек Оролбай