Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Экономика министри эмки жылда 30 миң жумуш орун түзмөкчү
20.10.2023 | 17:28
Министрлер кабинети 2024-жылы 30 миң жумуш орун түзмөкчү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жумушсуздук 21 пайызды түзөт. Иш менен камсыз болгондордун саны 1,8 пайызга өсүп, 30 миң жаңы орундар ачылат.
“Баткен, Ош, Чүй – баардык аймактарда ишканалар ачылат”, – деди ал.
Белгилей кетсек, 2024-жылы республикалык бюджет 600,7 миллиард сом эсебинде пландалууда. Чыгымдар 358 миллиард сомду түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом