Лейкоз менен ооруган Ринат Таалайбеков Түркияда операция жасатууга жардам сурайт

Лейкоз менен ооруган Ринат Таалайбеков Түркияда операция жасатууга жардам сурайт

25 жаштагы Ринат Таалайбековго тез арада Түркиядан оор операция жасатуу керек. Бул тууралуу анын апасы Нүргүл Алашева Reporter.kg’ге билдирди.

Анын айтымында, түрк дарыгерлеринин операциясы 80 миң доллар болот. Үй-бүлөнүн өзүнүн финансалык мүмкүнчүлүгү жетпей, элден жардам сурап кайрылууда.

“Уулум тагдырдын оор сыноосуна кабылды. Ага 2022-жылдын сентябрь айында лимфобласттык лейкоз, же кандын шишиги дарты коюлду. Бир жылдан бери дарыландык, дарыгерлер операция керек дешти. Аны чет өлкөдө гана жасай алышат экен. Эптеп 25 миң доллар чогулттук. Кайрымдуу адамдар көңүл кош калбайт деген ниеттемин”, — дейт Нүргүл Алашева.

Ринат Таалайбеков оор дарты жөнүндө бир жыл мурда билди. Ага чейин оор-сыркоодон алыс болуп, үй-бүлөлүү болуп, келечекке пландарды түзүп келген.

“Белим ооруп жатат дегенден, тез жардам менен ооруканага жеткиргенбиз. Ал жерде анализ тапшырсак эле рак чыкты. Уулумдун кичинекей эки уулу бар. Кичүүсү жүрөгүндө тешик менен төрөлгөн. Ага дагы жакын арада операция жасатышыбыз керек”, — дейт Нүргүл Алашева.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>