Жети миллионунчу болуп төрөлгөн Жакшылык 1 жашка толду. Атасы менен маек

Жети миллионунчу болуп төрөлгөн Жакшылык 1 жашка толду. Атасы менен маек

2022-жылдын 19-октябрында Кыргызстанда өлкөнүн жети миллионунчу жараны жарык дүйнөгө келген. Ал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Валижан Абдурасулов менен Айжаркын Сыраждинованын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Наристеге атты президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койгон. 

Жакшылыкка мамлекет тарабынан 1 миллион сом берилери айтылып, ал акча «Айыл Банктагы» эсепке которулгану кабарланган. Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы жер тилкесин берери айтылган. Жакшылык төрөлгөндөн кийин Reporter.kg анын атасы Валижан Абдурасулов менен чакан маек куруп, ал үй-бүлөсү тууралуу айтып берген

Быйыл 19-октябрда Жакшылык 1 жашка толгондуктан, анын атасы Валижан Абдурасуловго байланышып, уулу кандай чоңоюп жатканынан кабар алдык.

— Саламатсызбы, 19-октябрда уулуңуз 1 жашка толду. Туулган күнүн кандай өткөрдүңүздөр? Балаңыз кандай чоңоюп жатат?

— Кудайга шүгүр, ден соолугу жакшы, чоңоюп жатат. Азырынча баса элек, жөрмөлөгөнгө аракет кылат. Бутуна турганга аракеттенет.

Туулган күнүн тууган-уруктар менен бирге үйдө тостук.

— Жакшылыктын мүнөзү балдарыңыздын ичинен кимисине окшош? Уулуңуздун кылыгы чыгып калдыбы?

— Ар биринин мүнөзү ар башкача. Жакшылыктын мүнөзү жайдары. Тамаша кылганды жакшы көргөндөй.

Мени «аба» дейт. Мен жумуштан келгенде «аба» деп кыйкырып тосуп алат. Өзү курактуу балдар менен ойноп калса, аларды карап, кыйкырып, күлүп, карап отура берет.

— Уулуңуз бой жеткенде ким болсо, деп тилек кылып жатасыз? Же өзүнүн каалоосуна коесузбу?

— Өзүнүн каалоосуна коебуз. Буйруса чоңойсо, тандоосуна карайбыз. Эл үчүн, мамлекет-жерибиз үчүн кызмат кылса деп тилек кылабыз.

— Жакшылык төрөлгөндөн кийин Кызыл-Кыянын мэриясы жер берерин убадалашкан? Буга чейин апрель-май айларында берилерин айтканын билдиргенсиз. Убада аткарылдыбы?

— Жок, убадасын аткарбай жатат. Мурда бир барганда «биринчи кезекте сиздерге апрель-май айларында беребиз» деп айтышкан. Андан кийин сентябрда дешкен. Сентябрда барсам, «жер трансформация болсун» андан кийин берилерин айтышты. Бирок акча бергендер алып жатканын уктум. Алдап жатат деп ойлоп калдым.

— Өзүңүз буга чейин курулушта иштеп жатканыңызды айткансыз? Иштериңиз кандай? Жубайыңыздын ден соолугу кандай?

— Ооба, курулушта иштейм. Азыр базарда соода кылган иним «мага жардам бериңиз» дегенин ал менен бирге иштеп жатам.

Жубайым бала менен үйдө. Жубайым да жакшы. Эл катары эле, жакшы турабыз.

Жети миллионунчу Жакшылыкка беш ай болду. Атасы менен маек

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>