Турчин, Мишустин жана башка өкмөт башчылар кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттукташтыГуля Кожокулова: «ШКУ саммити — бул Кыргызстандын жетилгендигинин жана жоопкерчилигинин сыноосу»Кытай менен мамилелердин жаңы этабы: Си Цзиньпиндин КРга иш сапары кандай жыйынтыкталдыШКУ деген эмне жана ал катардагы кыргызстандыкка эмне берет?Кыргызстан менен Кытай түбөлүк ынак коңшулук жана достук жөнүндө келишимге кол коюштуТогонун Министрлер Кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстанга келди
Экономика министрлиги айрым кызмат көрсөтүүлөрдү жеке жактарга өткөрөт
12.10.2021 | 11:27
Экономика жана финансы министрлиги айрым мамлекеттик кызматтарды аутсорсингге алууну сунуштоодо. Бул тууралуу башкармалыктын башчысынын орун басары Данияр Иманалиев парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал санариптештирүүнү киргизүү менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү принциби өзгөрүп жатканын белгиледи.
«Мамлекеттик кызматтардын баасын министрлер кабинети аныктайт. Биз калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууну каалайбыз», – деп түшүндүрдү чиновник.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 416 мамлекеттик кызмат көрсөтүлсө, анын 264нө акы төлөнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика