Экс-министр Кутманованын уулу Кыргызстанга алынып келди (видео)

Экс-министр Кутманованын уулу Кыргызстанга алынып келди (видео)

Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов Түркиядан Кыргызстанга алынып келди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кемелбек Кутманов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал Жаратылыш ресурстары министрлиги жана «Жаралытышты өнүктүрүү фондунда» коррупциялык топту уюштурууга шектелүүдө.

«Тергөөнүн жүрүшүндө экс-министр Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Фонддун ишине түздөн түз кийлигишкендиги жана долбоорду каржылоонун суммасынын 10% өлчөмүндө «откат» түрүндө акча алып тургандыгы боюнча түз далилдер алынган. Көрсөтмөлөргө ылайык, Кемелбек Кутманов 5 субъекттен 17 млн сомдон ашык суммада «откат» алган. Ошондой эле, ал «Жашыл Мурас» коомдук фонду» долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган», — деп билдирет УКМК.

УКМК билдиргендей, Кутманов «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан бөлунгөн каражаттарды бөлүштүрүүдө фонддун ишмердүүлүгүн түздөн түз көзөмөлдөп, Жаратылыш ресурстары министрлигине өзүнүн досторун жогорку кызматтарга дайындоого аралашкан.

Атайын кызматтан белгилешкендей, 2021-жылдан тарта «Кумтөр Голд Компани» тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жыл сайын 3 млн 700 миң доллардан (Улуттук банктын курсу боюнча 325 млн сом) бөлүнгөн. 3 жылда жалпы 976 млн 800 миң сомго берилген.

«Эсептөө палатасынын корутундусуна ылайык, «Жаралытышты өнүктүрүү фонду» 720 млн сомду башка максаттарга пайдаланып, анын ичинен мамлекетке 192 млн сомго жакын зыян келтирилген. Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттин кирешесине 56 млн сом кайтарды», — деп айтылат маалыматта.

УКМК билдиргендей, Кутманов кылмыш жообунан качуу максатында быйыл 29-майда Казакстанга чыгып кеткен. Кийинчерээк, 13-июнда Москвага учуп, 19-июнда Түркияга кеткен. Кутманов чет жерге качып кеткендиктен, издөөгө алынган. Андан кийин кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК тарабынан «Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы» коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече адам, анын ичинде Динара Кутманованын сиңдиси кармалганы, уулу Кемелбек Кутманов издөөгө алынганы кабарланган.

Кийинчерээк Кутманова уулу Түркияда уурдалганын, уурдаган адамдар акча сурап жатканын, бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирген. Бирок ИИМ Кутманованын сөздөрүн төгүндөгөн. Ошондой эле, ал Түркиядан жакынкы мезгилде депортацияланып келерин билдирген.

Мурдагы министр Динара Кутманова дагы эки айга камакта калтырылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>