Көк бөрү федерациясынын президенти алмашты

Көк бөрү федерациясынын президенти алмашты

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп Рамис Жунусалиев шайланды. Бул тууралуу чечим уюмдун жыйынында кабыл алынды.

Рамис Жунусалиев «Сары-Өзөн» командасынын жетекчиси, федерациянын вице-президентинин милдетин аткарып келген.

Федерацияны эки жыл башкарган Талас Бегалиев өз калоосу менен ордун тапшырып берди.

Эскерте кетсек, 31-августта Ош облусунда көк бөрүнүн жогорку лигасынын финалында «Достук» жана «Ынтымак» командалары ойноп, «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Оюндан кийин калыстардын ишине нааразы болгон күйөрмандар тополоң чыгарган.

Бул окуядан кийин облустук милиция билдиргендей бейбаштык жасаган делип ондогон адам кармалып, милицияга жеткирилген. Алардын ичинен 5 адамга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган. Дагы 27 кишиге Укук бузуулар кодексинин 126-берене (майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлгөнү айтылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>