Бишкекте кышкы мезгилге карата 190 орундуу баш калкалоочу жайлар ачылдыАла-Арчада жоголгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү тоңгон абалда табылдыКыргызстанда «Мыкты мектеп ашпозчусу» сынагы өтүүдөСалык кызматы ишкерлерди товарларын жаңы каталог менен салыштырууга чакырдыПайдубалы курулуп бүтө элек үйлөрдү жарнамалаган эки компания лицензиясынан ажырадыКыргызстандыктар Сейшел аралдарына 30 күнгө визасыз бара алышат
Бишкекте 9 айда 224 митинг болуп өттү
17.10.2023 | 14:03
Бишкекте 9 айда 224 митинг болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өткөн коомдук угууда ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев билдирди.
Акциялардын 26сы саясый мүнөздө болгон. Ага катышкан 30 кишиге тынч чогулуштар боюнча мыйзамын бузулгандыгына байланыштуу протокол түзүлүп, бирок бирөө дагы сотко өткөн эмес.
Белгилей кетсек, Бишкекте митинг өткөрүүгө чектөөлөр 2023-жылдын аягына чейин узартылды. 31-декабрга чейин Жогорку Кеңештин, Россиянын элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүгө болбойт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом