Нью-Йорктун соту АКШнын мурунку президенти Дональд Трампты 110 миң доллар айыпка жыкты, деп жазат CNN телеканалы.
“Нью-Йорктун соту сотту сыйлабагандыгы тууралуу Трампка каршы чечимди жокко чыгарып, бирок ага 110 миң доллар өлчөмдө айып төлөөнү милдеттендирди”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин экс-президентке каржылык ишмердүүлүк боюнча суралган документтерди берүү буйругун аткарбагандыгы үчүн айып тагылган. Ошондой эле сот Trump Organization уюмунда документацияларды жок кылуу практикасын жана калган кагаздарды 20-майга чейин изилдеп чыгууну талап кылган.
Мындан улам Дональд Трампка сотту сыйлабагандыгы үчүн күн сайын 10 миң доллардан айып төлөө милдеттендирилди.