Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди БекешевКүнөөкөрдү алмаштырууга $4 миң сунушташкан — Надырбек ЖусуповПольшадагы конституциялык кризис: президент өлкөгө кайтып келди, сот имаратынын алдында — нааразылыктарБишкекте 8-ноябрда веложарышка байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилетЖапаров Түркияда Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү — эмнелер талкууланды
Экс-президент Дональд Трамп 110 миң доллар айыпка жыгылды
12.05.2022 | 10:21
Нью-Йорктун соту АКШнын мурунку президенти Дональд Трампты 110 миң доллар айыпка жыкты, деп жазат CNN телеканалы.
“Нью-Йорктун соту сотту сыйлабагандыгы тууралуу Трампка каршы чечимди жокко чыгарып, бирок ага 110 миң доллар өлчөмдө айып төлөөнү милдеттендирди”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин экс-президентке каржылык ишмердүүлүк боюнча суралган документтерди берүү буйругун аткарбагандыгы үчүн айып тагылган. Ошондой эле сот Trump Organization уюмунда документацияларды жок кылуу практикасын жана калган кагаздарды 20-майга чейин изилдеп чыгууну талап кылган.
Мындан улам Дональд Трампка сотту сыйлабагандыгы үчүн күн сайын 10 миң доллардан айып төлөө милдеттендирилди.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар