Күнөөкөрдү алмаштырууга $4 миң сунушташкан — Надырбек ЖусуповПольшадагы конституциялык кризис: президент өлкөгө кайтып келди, сот имаратынын алдында — нааразылыктарБишкекте 8-ноябрда веложарышка байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилетЖапаров Түркияда Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү — эмнелер талкууланды31-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйтКасым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштады
Ош: Өзгөндө 31 жаштагы киши жол кырсыгынан мерт кетти
12.05.2022 | 10:06
Ош облусунун Өзгөн районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 595-чакырымынын (Ана-Кызыл айылы) Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесептинен 1 эркек киши (1991-ж.т.М.Н.) каза болуп, 9 киши (5 эркек жана 4 аял) ар кандай жаракат алышкан (аты-жөндөрү такталууда).
Куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун сөөгүн жана оор жаракат алган жарандарды тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. 4 куткаруучу тартылып, жеңил жаракат алган жарандарды Өзгөн райондук ооруканасына жеткиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар