Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты: Кимдер жеңүүчү болду?

Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты: Кимдер жеңүүчү болду?

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. 10-январда мелдештин биринчи күнү болду.

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өткөн чемпионаттын алгачкы күнүндө 55, 63, 72, 82, 97 кг салмактагы балбандар таймашып, өлкө чемпиондору белгилүү болду.

Бүгүн, 11-январда грек-рим күрөшү боюнча таймаштар уланат.

Биринчи күндүн жыйынтыгы:

55 кг

1-орун Улан Муратбек уулу;

2-орун Сыргак Максатбеков;

3-орун Барсбек Асанкожоев;

3-орун Нурдөөлөт Абасов.

63 кг

1-орун Дастан Кадыров;

2-орун Автандил Таалайбек уулу;

3-орун Калмурат Ибрагимов;

3-орун Мухаммед Калбаев.

72 кг

1-орун Адилхан Нурланбеков;

2-орун Ийгилик Сатымкул уулу;

3-орун Ырыскелди Хамзаев;

3-орун Имур Темирбеков.

82 кг

1-орун Бекзат Орункул уулу;

2-орун Темирлан Бектурдиев;

3-орун Ырысбек Калиев;

3-орун Таалайбек Сүйүнбек уулу.

97 кг

1-орун Үзүр Жусупбеков;

2-орун Бексултан Махмудов;

3-орун Нурманбет Раймалы уулу;

3-орун Мурат Ботоев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>