Эл аралык этно-карнавал Ысык-Көл жээгинде

Эл аралык этно-карнавал Ысык-Көл жээгинде

Ысык-Көлдө “Ысык-Көл досторун чогултат-2022” XII эл аралык этно-карнавалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, этно-карнавал катышуучулардын Бишкекте жүрүшү менен башталат. Расмий ачылгандан кийин катышуучулар Ысык-Көлгө жөнөйт.

Этно-карнавалдын программасында Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандын чеберлери менен музыкалык көрсөтүүлөр, хореография, вокал, элдик аспаптарда ойноо боюнча мастер-класстар бар.

Этно-карнавалдын алкагында “Ысык-Көл досторду чогултат – 2022” балдар чыгармачылыгынын VII Эл аралык сынагы өткөрүлөт. Музыкалык топтор хореография, аспаптык ансамблдер, улуттук аспаптарда жекече аткаруу, вокалдык ырдоо сыяктуу номинациялар боюнча ат салышат.

Бул жылы биринчи жолу “Театр искусствосу” номинациясында сынак өтөт. Ар кайсы өлкөлөрдүн алдыңкы эксперттери кирген калыстар тобу сынактын катышуучуларынын чыгармачылыгын, эмгекчилдигин, аткаруучулук сапатын, сахна чеберчилигин баалайт.

Иш-чара Ысык-Көлдүн жээгинде он экинчи жыл өтүпжатат. Эл аралык этно-карнавал 9 жаштан 17 жашка чейинки балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачылык, баарлашуу жана достукту чыңдоо мүмкүнчүлүгү

 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>