Эл каттоо 2021-жылга жылдырылды

Эл каттоо 2021-жылга жылдырылды

Эл жана турак жай фондун каттоо 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Быйыл эл каттоону жаз айларында өткөрүү пландалып, бирок коронавируска байланыштуу токтотулган.

Андан кийин эл каттоону июль айында өткөрүү мерчемделген, ал учурда илдеттин жайылуусу күчөп тургандыктан дагы жылдырылган.

«Эл каттоо электрондук форматта жүргүзүлүп, каттоочулар мобилдик тиркеменин жардамы менен маалыматтарды топтошот. Киргизилген маалыматтардын сапатын текшерүү жана көзөмөлдөө максатында, инструктор-контролерлор үчүн окуу режиминде (жеке кабинет) маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгү уюштурулган. Бул ишти камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу пайдалануусуна берилген ноутбуктарды колдонуу пландалган. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу Каттоо кызматына ноутбуктар шайлоонун жүрүшүнө пайдалануу үчүн кайтарылып берилген. Буга байланыштуу Статистика комитети 2020-жылдын ноябрында парламенттик шайлоо аяктагандан кийин эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүү чечими кабыл алган», — деп билдирет аталган комитет.

Бирок ушул жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары таанылган эмес. Алдыда президенттик, парламенттик жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Эл каттоо үчүн колдонула турган ноутбуктар аталган шайлоолор аяктагандан кийин бошойт. Ошол себептен эл каттоону 2021-жылга жылдыруу чечими кабыл алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>